Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда. Анда ЖОЖдордун ректорлорун президент дайындашы керек деген норма демилгеленүүдө.

Атап айтканда, “улуттук” макамы бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлорун мамлекет башчысы кызматка дайындап, бошотушу зарыл. Ал эми ведомстволук окуу жайлардын ректорлорунун тагдыры профилдик ведомствонун башчысы тарабынан чечилгени туура болот.

Мындан сырткары, ректорлор 5 жылдык мөөнөткө бир ирет гана дайындалышы керек деген норманы киргизүү каралууда. Бир эле адамдын катары менен эки мөөнөткө дайындалуусуна болбойт. Эл өкүлүнүн мындай сунушу жөндүү. Демократия, шайлоо деген нерселер дайыма эле өзүнүн оң натыйжасын бербейт экен. Ага турмушубузда күбө болуп келатабыз. Тилекке каршы, ЖОЖдордун ректорлорун шайлоо бизде эмгек жамааттагы бөлүнүп жарылууну, жердешчиликти, тууганчылыкты күчөтүп, натыйжада окуу жайдын эмгек жамааты ичиндеги атмосферага терс таасирин тийгизип, окутуучу, профессорлор интригалык абалдын капшабында калышат тура. Бөлүнүп жарылуу орун алган жерде сапаттуу билим, таалим тарбия берүү жөнүндө сөз кылууга болбостугу айтпаса да белгилүү. Андыктан азырынча биз үчүн ректорлордун өлкө башчысы тарабынан дайындалып тургандан өтөрү жок экен.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити