Ар качан Кыргызга акыл үйрөтүп, өзүн ааламда жок акылдуу сезген, Кыргызстандын ички саясатына башын тыгып, андан ар убак жеке керт башы үчүн гана кызыкчылык издеген Валентин Богатырев деген бирөө бар.
Канча жылдан бери Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусун, эл аралык алакасын, ички саясатын сындап гана келе жатат. Жөн гана сындабастан кылдан кыйкым издеп, айткан-дегенинин аркасында өзүнүн көмөчүнө күл тартууну да унутпайт. Бул Эргул кезинде Акаевдик “Алга кыргызстан”, Бакиевдик “Акжол”, Атамбаевдик “СДПК” партияларынын башкы идеологу да болгон. Таӊкалыштуусу, азыр ал партиялар кайда? Ал лидерлер кайда? Ал эми Богатырев улам кайра бир партиянын тонун жамына кала саясый аренада дале “акыл кошчулук” мүдөөсүн арттырып келет. Мындай кишилер бир эле партияны же президенттин саясатын талкалап жок кылбастан мамлекетти да түп орду менен жок кылып жиберүүдөн кайра тартышпайт. Анткени, Богатырев эч качан Кыргызстандын бүтүндүгү, элдердин ынтымагы, өнүгүү багыттар тууралу кеп салбайт. Качан болсун кызыл тилин саймедирете кырчаӊгыланып гана турат.
Аныгында анын жасалма жана бузуку пикиринин эч кимге кереги жок. Өкүнүчтүүсү, мына ушуну Валентин Богатырев али да түшүнбөй келет. Азыр заман алмашкан, муун өзгөргөн. Богатырев өӊдүү калжаӊдаган картаӊ “саясый труптардын” доору өттү.
Бирок, ал түшүнбөгөнү менен Кыргызстандын эли анын арам ойго толгон куру дымагын эбак окуп бүткөн жана анын “сасыткы” акылына куштар эмес.