Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

«Талас облусунда эмдөө иштери 2021-жылдын 13-апрелинен башталган. Эмдөө иштери үчүн атайын 89 убактылуу эмдөө пункттары ачылып, 262 медициналык кызматкер, 75 ыктыярчылар тартылган. Андан тышкары мобилдик топтор жергиликтүү активистер менен бирге эмдөө иштерин алып барышууда», - деди КР Президентидин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова.

Анын айтымында, эмдөө иштеринин башынан бери облустун аймагына жалпы жолунан 103 миң доза вакцина (Sinopharm, Спу́тник V жана AstraZeneca) келип түшкөн.

Бүгүнкү күнгө карата жалпы жонунан 19 537 жаран эмделди, анын ичинен:

- Sinopharm - 18 942;
- Спу́тник V - 500;
- AstraZeneca – 95 адам эмдөөдөн өткөн.

Вакциналардын 2 дозасы менен жалпы 4446 жаран эмделген.