Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон, Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун төмөнкү зонасы кошуна мамлекетке аткезчилик товарларды ташыган жана өткөрүп турган аймак экендигин жогор жактагылар билишпесе да, жергиликтүү эл эң жакшы билишет. Бирок Тажикстан 28-апрелде өлкөбүзгө согуштук агрессия жасап, бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрүн кыйып, жүздөгөн турак жайларды талкалаган соң элибиз менен бийлигибиз аларга экономикалык блокада жасап, чек араны жаап койгон болчу.
Тилекке каршы айрым аткезчиликтин арам акчасына азгырылгандар эски өнөрүн дале улантып келатышкандыгы жашыруун эмес. Мисалы, өткөн жумада Лейлек районундагы Интернационал айылында кыргыз-тажик чек арасы аркылуу өткөн күйүүчү-майлоочу материалдарды сордуруучу түтүк табылды. Бул тууралуу 2-августта УКМКнын чек ара кызматы кабарлады.
Чек арачылар аймакты текшерүүдө күйүүчү-майлоочу материалдар менен жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн издерин дагы аныкташкан.
«Түтүктүн узундугу 200 метрден ашуун болуп чыкты. Бул боюнча материалдардын баарын чек ара кызматы Лейлек райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берди. Учурда милиция тарабынан териштирүү иштери башталды», — деп билдиришти чек ара кызматынан.
Тийиштүү иш-чаралардан кийин чек ара кызматкерлери тарабынан күйүүчү майды сордурууга коюлган түтүк жок кылынды.
24-мартта Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек чарасынан 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган. Текшерүү учурунда алардын номуру жасалма болгону жана кузовдун ичи күйүүчү май ташууга ылайыкталып жасалганы аныкталган.
Эми жергиликтүү ыктыярчылар менен УКМК мындай аткезчиликке каршы күрөштү дагы күчөтсө, алардын жолу биротоло буулуп, тажикстандыктар да эсине келишер беле?
Булак: “Майдан. kg” гезити