Печать
Категория: Коом
Просмотров: 309

Ким билет, кошуна тажиктер ушунчалык эле мыйзам менен эрежеге баш ийбеген бейбашпы же алардын артында тукурган бир күч барбы, айтор мамлекеттик деңгээлде келишимдер түзүлүп, кол коюлуп, кол алышканыбызга карабай, кыргыздарга карата чагымчылдык аракеттерин токтотпой коюшту.

30-июлда Кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткендеги чек ара аймактарын калыбына келтирүү боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимов бараткан автоунаага тажик тараптан таш ыргытылып, талкалап салышты.

Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 29-июлда Баткен районунун Таш-Тумшук айылында болгон, машинанын алдыңкы жана арткы айнектери сынган.

Рахимов жергиликтүү бийлик башчылары менен бирге Ак-Сайда өрттөлгөн үйлөрдүн ордунда жүрүп жаткан жаңы курулуш иштерин көрүп чыккандан кийин Таш-Тумшукка барган. Ал жакта да калыбына келтирүү иштери менен таанышып жаткан учурда жанаша жайгашкан Тажикстандын Кожоало айылынын 15-20га жакын тургуну келген. Ортодо пикир келишпестик жаралып, тажикстандык бир жаран таш менен урган.

Бул окуядан соң ыкчам териштирүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлгөнү, Тажикстандын Исфара райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгым төлөнөрүн жана таш ыргыткан адамга карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убада кылганы маалымдалды.

Бирок Тажикстандын жогорку бийлиги өз жарандарынын мындай бейбаштыгы тууралуу расмий билдирүү жасашкан жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити