- Сыймыктуу уулубуз Акжолду Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
“Жеңиш эрдики болгону менен сыймык элдики".
Алгачкы эле таймаштардагы ишенимдүү ийгилиги менен Кыргызстанды сыймыкка бөлөп, жалпы элге чоң үмүт тартуулады. Кыргыз эли эртеңки чечүүчү бетешүүдө да эр жүрөк азаматыбыздан жаңы жеңишти, мекенибизге алтын медаль менен келишин күтүп, үмүт артууда. Элибиздин ак батасы күч-кубат берип, жараткан өзү жар болсун. Ийгилик каалайм, - деди ЖК спикери Талант Мамытов.