Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

Өткөн айдын башталышында бир самопал архитектордун  Ысык-Көлдүн жээгине 500 миң  адам жашай турган, автономдуу түрдө күндүн энергиясынан алынган электр жарыгы менен камсыз кылган, небоскребдердин комплекстеринен турган заманбап шаар куруу жөнүндө долбоору ЖМКларга чыккан. Азыр ар ким оюна келгенди, фантазия жеткенди жаза берет. Ага чындап эч ким деле маани берген эмес. Бирок, ал долбоорго бийлик башындагылардын чындап көңүл буруп, вице-премьер министрлердин бири Ысык-Көлгө барып, ал шаарга  жер тандоо жөнүндө маселе көтөргөндүгү, ал реалдуу нерсе катары айрым өкмөттүк басылмаларда талкуулана баштагандыгы бизди чындап таң калтырды.

Эч кимге залакасы тийбесе кыялданып, өз көңүлүңдү өзүң көтөрүп жүргөн жакшы деңизчи. Бирок, мамлекетти башкарган адамдар куру кыялдар эмес, реалдуу прагматикалык так эсептер менен жашап, иштөөлөрү зарыл. Антпесе жерден биротоло алыстап, булуттардын арасына чыгып кетишсе, бечара эл гана кыйналат. Тилекке каршы, биздеги айрым окуялар бийликтегилердин арасында жерден алыстап кеткендер бар экендигин көрсөтүүдө.

“Асман” долбоору жөнүндө. Ош шаарында 500 миңден ашык адам жашайт. Ал 3 миң жылга жакын убакытта курулган. Арасында мөөнөтү алда качан бүткөн эски имараттар, турак жайлар жетишерлик. Анын турак жай, кыймылсыз мүлктөрүнүн, социалдык инфратүзүмдөрүнүн ж.б. фондуларынын жалпы баасы эң кеминде 50 миллиард долларды түзөт. Ал эми биздеги айрым фантасттар баасы андан да кымбат болгон технологиялардын эң акыркы үлгүлөрүнө негизделген заманбап жаңы шаар курабыз деп жатышат. Мында суроо пайда болот: “Кайсыл акчага андай шаар пландаштырылууда?”. Орустар айткандай, “на какую шиши”? Өлкө энергетикалык кризиске батып, кышкы сезондо элди жарык менен камсыз кылуу көйгөйгө айланганы турганда мамлекет башындагылардын андай жомокторду айтканга моралдык укуктары барбы? Эгерде акча болсо, Камбар-Ата ГЭСтерин тездетилген темпте куруп бүтөрүп, элди кышкы көйгөйдөн арылтышпайбы?

Азыр пенсионерлердин алгандары номиналдуу түрдө жылда 300-400 сомго көбөйгөн менен инфляциядан, баалар кымбаттагандан улам реалдуу түрдө жылда 700-800 сомго азаюуда. Айлык акылар, жөлөк пулдар жөнүндө деле ушуну айтса болот. Ал эми биздеги орточо пенсия 5 миң сомго да жетпейт. Мындай учурда кайдагы ишке ашпас жомокторду айтып, элдин башын айландыргандын кандай кажети бар? Же бийлик башындагылар экономиканын, элдин реалдуу абалы кандай экендигин да билишпейби?

Сырттан түз инвестициялар келбей калды. Экономикабыз жарым жылдык артка кетүү менен жыйынтыкталды. Мындай учурда каржы жана экономика министри, өкмөт башчысынын орун басары Акылбек Жапаровдун жарым жылдык бюджеттин профицит менен жыйынтыкталганы жөнүндө билдирүүсү Мюнхаузендин калптарынан да өткөн өтүрүк сөздөрдөн болуп калды. Ушундай алды-арттарын карабай, ооздоруна эмне келсе, жаман акылдарына эмне илешсе, ошонун баарын сүйлөй берген инсандардын мамлекеттин башында турганга укуктары барбы?  Булар бизди жыргатпай эле ОПГларга кошулуп алышып, элди курутканы жатышат.

Кыргызстан мыйзамдык  алкактан биротоло чыгып баратат. Чындыгында азыр мыйзамдуулук жөнүндө ойлогон, аны коргогон эч ким жок. Баш мыйзам ачыктан ачык бузулуп жатса деле эч кимиси дың этип коюшпайт. Баш мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин башчысы Президенттик администрациянын да башчысы болууга тийиш болсо, азыр эки орунда эки адам иштөөдө. Министрлер кабинетинин аппараты жоюлат дешти эле, анысы деле иштөөдө. Ал эми эл менен түздөн түз иштешкен райондук, облустук администрациялардын аппараттарын 30 пайызга кыскартып салышты. Биздин оюбузча, борбордук министрликтердин, ведомстволордун аппараттарын кыскартып, эл менен түз иштешкен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аппараттарын күчтөндүрүү керек болчу. Анткени, мамлекеттик бийликтин эң оор жүктөрү ошолордо. Борбордук аппараттар негизинен отчетторду, статмаалыматтарды жыйнап эле отурушат. Мындан улам булар баштары менен ойлонушабы же башка акыл кошчу жерлери да барбы?-деген суроо өзүнөн өзү пайда болууда.”Эштек баатыр, эсиңе келе!” деп бирөө айткандай, бийлик башындагылар тезирээк эстерине келишпесе, эл үчүн  кыйынчылыктар өтө эле көбөйүп баратат.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити