Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106


Коронавируска каршы күрөшүү Республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустук гепатит оорусунун ар формасы менен ооруган жарандары үчүн COVID-19 инфекциясын алдын алуу жана төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткаруу өзгөчө маанилүү:

- Социалдык аралыкты сактоо, коргоочу беткапты жана кол кап колдонуу, кылдат кол гигиенасы, дем алуу этикасы жана сергек жашоо үчүн жалпы эрежелери, анын ичинде дени сак тамак, жетиштүү физикалык активдүүлүк жана жетиштүү уйку;

- Дарылоочу дарыгерден пландык текшерүүдөн өтүү. Ооруган учурда өзүн-өзү дарылабастан өз убагында дарыгерге кайрылуу маанилүү;

Эгер сиз вирустук гепатиттен же башка өнөкөт оорулардан дарыланып жатсаңыз, анда жетиштүү дары -дармектерге ээ болуу маанилүү.

Ошол эле учурда, гепатиттин болушу COVID-19 вирусун жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатпайт, бирок инфекция жугуп калган учурда, оору оор түрдө өтөт, андыктан жогоруда сунушталган алдын алуу чараларын сактоо өзгөчө маанилүү.