Садыр Жапаров Президенттик кызматка киришер замат өлкөдөгү эң кечиктирилгис, тез чечүүнү талап кылган маселелер боюнча беш Жарлык чыгарган. Анын биринчиси “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” деп аталган. Ал Жарлыкты ишке ашыруу боюнча атайын Концепция иштелип чыгарылып, жакында ал мамлекет башчысынын Жарлыгы менен бекитилди. Бул Концепциянын максаты эмнеде? Анын коомдук турмуштагы орду жана ролу кандай болмокчу?
Коомдо кескин өзгөрүүлөр башталганда, улуттук кайра жаралууда биринчи кезекте рухий байлыгы мол, дене тарбиясы чың жаңы адамдар талап кылынат. Ансыз коомду прогресс жолуна салуу, өнүктүрүү боюнча план, концепциялар жакшы каалоо тилектер катары каларын жаңы тарыхыбыздагы отуз жылдык тажрыйба көрсөттү.
Көз карандысыздыктан бери 5-6 улуттук идеялар, идеологиялар кабыл алынды. Бирок, алардын бири да элдин рухунан, духунан түнөк таппады, элди ойготуп, мобилизициялап, шыктандыра албады. Атүгүл эл арасында терс пикирлерди жараткандары да болду. Биринчи качкын президенттин “Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз” деген Концепциясы кыргыздардын кыжырын келтиргенден башкага жараган жок.
Бул ирет коомбуздун саясый системасы кескин жаңыланды. Башкаруу институттарынын ыйгарым,укуктары, милдеттери өзгөртүлдү.11-апрелдеги референдумда эл президенттик башкарууну тандады.
Саясый системаны жаңылап, өнүктүрүүнүн алкагында жергиликтүү жетекчи кадрларды горизонталдык ротациялоо ишке ашырылды. Ал дагы өнүгүүсү, кеңейтилүүсү зарыл, мындан ары “ар бир кадр өз кичи мекенинде гана иштеши, өз ишинде тууган-туушкандарына, жердештерине гана таянышы керек” деген түшүнүктөн акырындап арылбасак болбойт.
Биринчи кезекте ысык-суук мааракелердеги каада-салттарды, үрп- адаттарды цивилдүү нукка салбасак, ал да ашыкча ыгым-чыгымдарды көбөйтүп, элди, социалдык топторду ич ара ажырым кылууда. Азыр айрым жерлерде ар айылдын өзүнчө каада салты пайда боло баштады. Ар аймак гана эмес, ар айылдын каада салты да ар башкача боло берсе - эл кайдан биригет, кайдан ынтымак бекемделет? Элди бириктирүүнүн негиздери - тил, маданият, каада-салттар. Каада-салттары ар кандай боло берсе, аймактар бири-биринен моралдык, психологиялык жактан алыстай берет. Өзбекстанда, Тажикстанда ашыкча ыгым-чыгымдарды талап кылган каада-салттар мындан 15-20 жыл мурда эле укук-ченемдик актылар менен жөнгө салынган.
Көз карандысыздыктан бери адабият, искусство таптакыр кароосуз калды. Чыгармачыл союздардын аттары эле бар, заттары жок. Кандай көркөм чыгармалар басылууда? Театрларда эмнелер даярдалып, коюлууда? Алардын эстетикалык-көркөмдүк деңгээлдери кандай? Мамлекет көз карандысыздыктан бери аларга таптакыр көңүл бурбай калды десек жаңылышпайбыз.
Улуттук кайра жаралууда адабиятка жана адабий сынга аябагандай чоң орун таандык. Элибиздин өткөн кылымдагы рухий кайра жаралуусу адабияттан башталып, ал маданияттын, искусствонун калган чөйрөлөрүнө трансформацияланган. Чыңгыз Айтматовдун феномени аркылуу кино, театр, опера жана балет искусстволору дүркүрөп өнүккөндүгү эсибизден чыга элек. Ошондуктан “Мурас” тарых фондусундай эле Президентке караштуу “Адабият” фондусу түзүлүп, анын алдында калем акы төлөй турган адабий журнал ачылса, жалпы маданияттын өнүгүүсүнө чоң түрткү бермек. Азыр калемгерлер көркөм чыгармаларды жаратышкан менен көбү жазгандарын чыгара алышпай, чыгаргандары аларды сатып өткөрө албай азап тартышат. Анткени, китеп соодасы, жакшы көркөм чыгармаларды электен өткөрүп, барктап-даңктап элге жеткирүү, начарларын сындап туруу деген түшүнүктөр да мурдагы Союз менен бирге жок болгон. Эгерде мындай көрүнүш улантыла берсе, эртели кеч улуттук адабият биротоло өлөт. Кандай таланттуу адам болбосун эч ким өмүр бою бекер иштей бергиси келбейт. Экинчиден, күчтүү кесипкөй сынсыз адабият да, маданият, искусство да өнүкпөйт.
Жаңы Баш мыйзамга идеологиялык, маданий, рухий чөйрөлөрдү жетектеп, кураторлук кылчу Мамлекеттик катчы институту киргизилди, Концепцияны жүзөгө ашыруу мына ошого жүктөлөт. Бирок, анын кесипкөйлөрдөн түзүлгөн чакан аппараты, жетиштүү ыйгарымдары болбосо, ал мамлекет башчысынын куттуктоолорун окугандан башка жарытылуу иш жүргүзө албай тургандыгы шексиз. Мурдагы Мамкатчылар ошол түзүмдөгү Президенттен кийинки экинчи адам катары эсептелишчү. Азыркы Мамкатчынын макамы, ыйгарымдары кандай болот?
Элде Концепция бекитилгенден кийин ушундай ойлор пайда болууда.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити