"Бул жылы «МЭА» ААКга авиация тармагы үчүн оор болгон 2020 жылкы-пандемиядан кийин, каттамдардын санын көбөйтүү планы коюлду. «Ысык-Көл» аэропортунда жаңы каттамдардын ачылуусу мурдагыга салыштырмалуу билеттердин бааларынын төмөндөшүн шарттады.
Пандемия менен байланышкан кырдаалда баардык аэропорттордун кызматкерлери оор шарттарда, кээде тыныгуусуз, 2 нөөмөттө калып иштешүүдө. Аэропорттордун жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан колдон келишинче бардык санитардык нормалар сакталууда.
Ошону менен бирге компаниянын жетекчилиги жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртуу боюнча бардык сын-пикир, сунуштарга көңүл бөлөөрүн белгилейбиз.
Учурдан пайдаланып «Ысык-Көл» аэропорту гана эмес, бардык аэропорттордун жүргүнчүлөрүнө – социалдык аралыкты сактоону жана сабырдуу болууну өтүнөбүз", - деп билдирди аталган абамайдандын басма сөз кызматы.
Ал эми «Ысык-Көл» аэропортундагы жүргүнчүлөрдүн көптүгү тууралуу мындайча түшүндүрмө берилди:
"Бул жылы аэробекеттин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аэробекет 160 чарчы метрге кеңейтилди.
Ошондой эле «Ысык-Көл» аэропортунун учуу залында 3 паспорттук көзөмөл күркөсү иштейт. Бирок, андагы кызматкерлер жана алардын иштөө тартиби «МЭА» ААКга эмес, КРдин Чек ара кызматына тиешелүү.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортун реконструкциялоо» долбоорунун 3-баскычы азырынча баштала элек. Учурда аэробекеттин аянтын кеңейтүү боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Долбоор жаңы АБКнын курулушун жанан анын техникалык жактан жабдылышын камтыйт.
Бүгүнкү күндө «Ысык-Көл» аэропорту жума сайын 23 каттамды тейлейт. (6 ички жана 17 эл аралык). Буга чейин каттамдар жайкы мезгилде гана учушса, азыр Новосибирск, Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Ростов-на-Дону жана башка Россиянын шаарларына каттамдар 24/7 режиминде жыл боюу аткарылууда.
Ошондой эле «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва маршруту боюнча жумасына 3 ирет туруктуу уча баштады. Бул эл аралык деңгээлдеги авиакомпаниялардын «Ысык-Көл» аэропорту учуулардын коопсуздугу жана тейлөөнүн сапаты боюнча бардык талаптарга жооп бергендигин ырастагандыгын билдирет".
Маалымат үчүн:
2015-жылы «МЭА» ААК өз каражатынын эсебинен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун реконструкциялоо" долбоорунун биринчи баскычын аяктаган. Анын негизги максаты учуу тилкесин узартуу, кошумча такси жолун куруу жана перронду кеңейтүү болгон.
2016-жылы «МЭА» ААК «Ысык-Көл» аэропортун реконструкциялоо» долбоорунун экинчи баскычын аяктады. Ага ылайык аэродромду ИКАОнун биринчи категориясындагы жарык-сигналдык жана инструменталдык конуу системасы менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык аэропортту электр менен камсыздоо жүргүзүлдү.
2020-жылы Күйүүчү май куюучу комплекс (TZK) курулду.