Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Өткөн жумада Баткен облусунун Көк-Таш айылынын Кум-Мазар участкасынын такталбаган аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок.

Маалыматка ылайык, жаңжалдын чыгышына тажик тараптын Кыргызстан менен макулдашпай туруп ишембилик өткөргөнү себеп болгон. Анткени алгач кыргыз чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келип, ишембиликти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажикстандыктар баш ийбей, кайым айтышуу мушташка айланып, таш ыргытылган.

Чыр учурунда Тажикстандын чек арачылары тарабынан Кыргызстан тарапка ок чыгарылган. Кыргызстан тарап да жооп катары Тажикстан тарапка ок чыгарды. Жаңжалдын андан ары өрчүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн аймакка чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев барган.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү окуя 23-июлда кечки саат 22:00 чамасында болгонун кабарлашты.

Жеринде эки тараптын чек ара кызматынын жетекчилери, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мындан мурда да, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуудан 1994-жылы туулган сержант Хуснидин Хожиев каза тапкан болчу. Ал эми дагы бир чек арачыга ок тийип, ал барымтага алынган. Эртеси күнү сүйлөшүүлөрдүн негизинде Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилген, ошондой эле барымтадагы чек арачы да бошотулган.