Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов 26-июлда парламенттин профилдик комитетинин жыйынында коомдук транспортто жол кире акысы кымбатташы мүмкүн экенин жана автобустарды сатып алуу пландарын айтып берди.

Анын айтуусунда, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары* алгачкы жыйынында коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүү маселесин кароого тийиш. Ал муниципалитет маселени шаардык кеңештин күн тартибине киргизгенин белгиледи — жыйын качан өтөөрү азырынча белгисиз.

«Биз автобустар үчүн тарифти 11 сомго чейин, маршруттук таксилерди 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштадык. Бишкек шаардык кеңешинин биринчи жыйынында депутаттар ушул маселени карайт деген ойдобуз», — деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, маршрутка айдоочуларынын иш таштоосу «шаар көз карандысыз болушу керек» экенин көрсөткөн. Ушул себептен дагы шаар бийлиги жаңы автобустарды сатып алууну көздөп жатат.

Сазыкулов мэриянын балансында 476 автобус бар экенин, бирок анын ичинде 140 транспорт гана жарактуу экенин белгиледи. Аны менен бирге чиновник баланстагы 183 троллейбстун 110у гана линияга чыгып жатканын кошумчалады.

«Баш-аягы 3000дей маршрутка каттоодон өтүптүр, анын ичинен 900-1300 даана күнүгө каттамга чыгат экен. Анын 500 даанасын шаардык мэриянын муниципалдык мекемелери камсыз кылса, калганын мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде компаниялар алып келиши керек», — деп билдирли ал.

Анын айтымында, 2021-жылдын июнь айынын башында каттамга чыккан Өзбекстандан келген автобустар дал ошол мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде алып келинген.

Борбор калаанын вице-мэринин айтымында, азыркы тапта Украина, Орусия жана Белорустан газмоторлуу европа автобустарын сатып алуу варианты дагы каралып жатат.

«Электробустарды караштырганбыз, бирок абдан кымбат экен — 270 миң долларга чукул, ал эми газмотордуу автобустар 105-135 миң долларга айланат. Бул баскычта газмоторлууларды алабыз, бирок кийин электробустарга өтүшүбүз керек болот», — деп билдирди ал.