Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
- Үсөн Сыдыков менен мен көп жыл чогуу иштеп, илгертен бери таныш болуп, ага-ини катары жүргөнбүз!
Үсөн акенин 2005-жылкы март революциясына салымы чоң болгон! «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы катары өзүнүн тажырыйбасын жана билимин жумшап, эр жүрөк, тайманбас экенин көрсөтүп, Кыргызстандын тарыхында зор из калтырды десем жанылышпаймын. 2005-жылы март революциясынан кийин Президентин администрациясын жетектеп, андан соң Президентин кенешчиси болуп иштеп, бүт күч-аракетин Кыргыз Республикасынын жаркын келечеги үчүн, элдин бакубат жашосуна арнап кетти! Үсөн Сыдыковтун эмгегин жалпы эл баалап 2008-жылы ||| даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
Кош бол Үсөн аке!
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Маалымат үчүн:
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган.
Эмгек жолу:
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.