Кыргызстандын эң четки аймагы болгон Сүлүктү шаарынын эли негизинен көмүр сатуу менен тиричилик кылышат. Эң сапаттуу күрөң көмүр тандыр, шашлык бышыргандар үчүн керектелгендиктен, кошуна Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттолот. Бирок 28-апрелде Тажикстандын армиясы кол салып, бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылгандыктан, кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны толук жаап, карым-катнаш, соода-сатык кан буугандай токтогондуктан, Сүлүктүнүн көмүрү да бул кошуна мамлекетке экспорттолбой калган болчу.

Тилекке каршы “кыныккан неме тыныкпайт”,- демекчи, айрым лейлектиктер менен сүлүктүлүктөр мамлекеттин тыюу салганына карабастан Тажикстандын арзан жашылча-жемиштерин аткезчилик жол менен сатып алышып, бизден аларга мунай, көмүр өткөрүп жатышты. Маркумдардын арбагын тебелеген бул көрүнүшкө кыжырданган жергиликтүү жашоочулар элдик ыктыярдуу кошуундарды түзүшүп, чек араны көзөмөлдөөнү колго алышкан болчу.

Көрсө, айрым аткезчиликтин артында ошол эле бийликтин өкүлдөрү турушат экен. Анткени өткөн жумада социалдык тармактарда Сүлүктүнүн көмүрү жүктөлгөн кузову контейнерден жасалган КАМАЗ Тажикстанга бараткан “ууру жолдо”  оодарылып, ээн талаада көмүрү төгүлүп жаткан видео тарады. Тасманын авторлору бул Сүлүктү шаарынын жакында эле шайланган мэри Абдысамат Халбековго тиешелүү экендигин айткан.

Көп өтпөй, 19-июлда УКМК бул аткезчилик жүк аталган шаардын мэринин уулуна караштуу фирмага таандык экендиги тууралуу маалымат таратып, Кароол-Дөбө аймагында ал көмүрдү жүктөп бараткан эки адам кармалгандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, КАМАЗ Кыргызстандан Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктунан эмес, мыйзамсыз жол менен бараткан. Бирок чек арачылардын токтоткон белгисине баш ийбегендиктен, асманга эскертүү иретинде ок атылган. Ошондон кийин гана машина капталына оодарылып калган.

Бул жагдайды Сүлүктүнүн мэри да моюнга алып, бирок машинаны башка адамдар ижарага алгандыгын,  көмүр жакыр үй-бүлөлөргө бекер таратылып берилерин айтып актанган. Ал эми жогорку бийлик мэрдин көмүр аткезчилигине тиешеси бар, жоктугу боюнча үн ката элек.