Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

27-июлда парламентте Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри  Максатбек Сазыкулов  келишимдин алкагында  ЕБРР  “Бишкек автобустары” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга  33 млн.евро бөлүп берээрин билдирди.

”Анын 25 млн.евросу кредит, 8 млн.евро грант. Бул каражаттарга  кыймылдаткычы газ менен иштөөчү  европалык сапаттагы 250-300 жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус сатып алуу пландаштырылууда. Ар бир автобустун узундугу 10-12 метрди түзөт. Эгер долбоор ишке ашса, зыяндуу газдардын чыгуусу  99 пайызга азаят”, - деди М.Сазыкулов.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча  бир катар сунуштарды айтышып, бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына жана  сатып алынган автобустардын сапатына көзөмөлдүн  зарылдыгын белгилешти. Депутат Султанбек Анарбаев  маршруттук жана автобустук линияларды пайдаланууга тендер өткөрүүдө  тунуктукту жогорулатуу маселесин көтөрүп, автобустардын   расписаниеге ылайык  жүрүүсүн уюштурууну сунуштады.