Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

Депутат Саматбек Ибраев жаңы финансылык технологияларды Кыргызстанга киргизүү багытында демилгеленип жаткан мыйзам долбоору тууралуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда Саматбек Ибраев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө финтехтин киргизилиши менен Кыргызстан Орто Азиядагы финансылык борборго айлана тургандыгы тууралуу айтып берип, натыйжада пенсиялык аманаттарды алтын менен сактоого, АКШ долларына карата сомдун курсунун туруктуулугун камсыздоого,  альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүүгө жана аз дегенде 150-200 миң долларлык уставдык капитал менен мамлекеттик банк ачууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.  

"Кыргызстандын Орто Азиядагы финансылык борбор болуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми карапайым калк үчүн каражаттарын алтын менен кармоого жол ачылат. Анткени, аталган баалуу металл дайыма кымбаттап турат жана ишенимдүү актив болуп эсептелет", - деди депутат.