УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
- Үсөн Сыдыков көп жылдар мамлекеттик кызматтарды аркалап, Кыргызстандын түптөлүшүнө салымын кошкон инсан болчу. Бүгүн арабыздан түбөлүк жайына узаганын кайгыруу менен кабыл алдым. Маркумдун артында калган үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жараткан жаткан жерин жайлуу, топурагын торкоо кылсын.
Мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков каза тапты. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал 78 жашта болчу. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 29-июлда саат 10до Бишкектеги опера жана балет театрында болоору айтылууда.
Үсөн Сыдыков Ош облусунда төрөлгөн. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр Жыйынында депутат; 2005-жылдан 2006-жылга чейин президенттик Администрациянын жетекчиси, андан кийин 2008-жылга чейин президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси болгон.