Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Үсөн Сыдыковдун көзү өткөнүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтты: 

- Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер агабыз Үсөн Сыдыковдун  бул жалгандан кайтыш болгонуна байланыштуу анын үй- бүлөсүнө, жакындарына терең кайгырып көңүл айтам. Кайгыларын тең бөлүшөм. Үсөн акенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! 

Мурдагы мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков каза тапты. Болжолдуу маалыматтарга караганда, ал узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал 78 жашта болчу. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 29-июлда саат 10до Бишкектеги опера жана балет театрында болоору айтылууда. 

Үсөн Сыдыков Ош облусунда төрөлгөн. 1995-жылдан 2000-жылга чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр Жыйынында депутат; 2005-жылдан 2006-жылга чейин президенттик Администрациянын жетекчиси, андан кийин 2008-жылга чейин президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси болгон. 

 
 

«