Кыргызстандыктарды Орхан Инандын уурдалып кетүүсүнөн да “Сапат” билим берүү системасынын тагдыры көбүрөөк тынчсыздандырып жаткандыгы талашсыз. Анткени, “Сапат” акыркы он беш жылдан бери Кыргызстандагы заманбап жалпы билим берүүнүн брендине айланды. Ага мисал катары  быйылкы  жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын көрсөтүү жетиштүү болот. Республика боюнча 46 улан-кыз  “алтын сертификатка” ээ болушса, алардын  10ну “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү болуп саналышат. Алардын ичинен Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк  лицейинин бүтүрүүчүсү  Жайдар Нургазиев республикадагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан эң көп балл алып, биринчи орунду ээледи. Мына ушундай, орустар айткандай, “алтын жумурткалап” жаткан каздын дарегине айрымдар тарабынан ар кандай негативдүү  пикирлердин айтылып жатканы чындыгында өкүндүрөт.

“Сапаттын” мектептеринде 10 миңден ашык окуучу билим алат. Бир миңге жакын мугалимдер иштешет, техникалык кызматкерлерин кошкондо 2 миңге чамалап барат. Же  ар үй-бүлөдө 4-5 адам бардыгын эске алсак, “Сапат” чакан бир райондун элиндей калкты да багууда. Терс пикирлерди айткандардын мазмуну эмнеде? Алар: “Сапаттын” мектептеринде окуу  акылары кымбат, аларда байлардын балдары гана окушууда, андай акча төлөнсө башка мектептер деле андан калышмак эмес” дешүүдө. Тактоо иретинде айтсак, байлардын балдары чет өлкөлөрдө же европалык үлгүдөгү мектептерде, ал эми “Сапатта” орто жана андан төмөнкү катмардагы  жарандардын балдары билим алышууда. Окуу акылары кымбат дегенге келе турган болсок, сапаттуу нерселердин арзаны болбойт, баары эле кымбат. Анын үстүнө европалык үлгүдөгү мекептерге салыштырганда “Сапаттын” окуу  акылары үч-төрт  эсе арзан. Ар кандай жумуштарда иштеген ата-энелер тапкандарын үнөмдөп, балдарын окутуп жаткан соң, аларга асылган туура эмес, тескерисинче мактоо гана керек. “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү азыр Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн 70 ке жакын өлкөлөрүндө, компанияларында иштеп жатышат. Мында дагы айтарыбыз, акчалуулар балдарын кымбат мектептерде гана окутушпастан, кымбат үйлөрдү, машинелерди, эки-үчтөн аялдарды  ж.б.  алышып, чет өлкөлөрдө сайрандап жүрүшөт. Ал үчүн да аларды айыптоо керекпи? Мыйзамдуу жолдор менен тапкан акчасын ким кай жакка, эмнеге жумшаса өзү билет. Мында жөн эле ичи тардык, көрө албастык  маанайлар үстөмдүк кылып кетипжатат окшойт.

Ал эми “андай  акы төлөнсө башка мектептер деле “Сапаттан” калышмак эмес” дегенге токтолсок, башка мектептерге иштерин “Сапаттай” уюштуруп, сапаттуу билим бергенге ким тоскоол болууда? Эч ким! Айрым жалпы билим берүүчү мектептерде жыл сайын ата-энелерден 20-30 миллион сом акча чогултулат. Алар кайда кетүүдө? Бул өзүнчө тийиштүү мамлекеттик органдардын колдору жетпей жаткан маселе.

Орхан Инанды кош жарандуу адам, анда Түркиянын жарандыгы да бар экен. Ага жана башка түрк жарандарына Кыргызстандын да жарандыгын бергенге тиешеси бар экс-мамлекеттик чиновник кармалып, сурак берүүдө. Биздин бул жерде айтарыбыз, чейрек кылымдан бери Кыргызстандыктардын балдарын окутуп келаткан адамды Түрк өкмөтү кайтарып берсе. Анткени ал Түркияда эч кандай кылмыш жасаган эмес (чейрек кылымдан бери бул жакта жүрөт). Фетхуллах Гюлендин мектептеринин системасында иштегендиги үчүн эле аны уурдап кетүү мыйзамсыз. Эгерде күнөөсү болсо, ал Түркияда эмес, Кыргызстанда тергелип-тескелүүсү  керек. Дүйнөлүк практикада ким кай жерде мыйзамсыз иш жасаса, анын иши ошол мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан  каралат.

Тилекке каршы, Түркиянын азыркы жетекчилиги саясатка таптакыр тиешеси жок, ыймандуу балдар-кыздарды тарбиялап, аларга мыкты билим берип жаткан “Сапатты” биротоло саясатташтырып, аны эки өлкөнүн ортосундагы саясый соодалашууга айландырып жибергени өкүндүрөт. Түрк өкмөтү бизге саясый, моралдык жактан колдоолорду көрсөтүүдө, ага ыраазыбыз, бирок ал биздин ички иштерибизге кийлигишпесе, бул маселе боюнча Кыргызстандын жетекчилеринин да так позициялары болсо дейбиз.

Түркияда 2023-жылы кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлөт. Акыркы маалыматтар боюнча Стамбул, Анкара шаарларынын мэрлеринин рейтингдери жогору болууда. “Шашкан шайтандын иши” дегендей, биздин бийлик ага чейин шашпоосу зарыл. Эки жылдан кийин Түркиянын саясый багыты кай жакка өзгөрөрүн бир кудайдын өзү гана  билет. “Бектер кетет, эл калат, бетеге кетет, бел калат”, анын сыңарындай, азыркы түрк бийлиги менен алакабыз солгундаса да биздин түрк эли менен гана ынтымак, мамилебиз бекем болсо болду.

“Сапаттын” чоң саясатка эч кандай тиешеси жок, ал кыргызстандыктардын кийинки муундары үчүн да кызмат кыла бериши керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити