Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

«Аба ырайы ысык учурда бала менен сейилдөөгө чыгуу керек. Ал убакта сөзсүз ооруну алдын алуу чараларын сөзсүз сактоо керек. Эң биринчи кезект бала үчүн ата-эне үлгү болуусу керек. Балдар үчүн беткап тагынуу кыйын. 7 жашка чейинки балдарга эң негизгиси – социалдык аралыкты сактоо, ал эми 7 жаштан кийин сөзсүз беткап тагынуу зарыл. Сейилдеп же ойноп жаткан учурунда кир колдор менен бетти кармабаш керектигин балддарга түшүндүрүп берүү зарыл. Сырттан үйгө киргенде колдуу жууп жана эмеректердин үстүн дезинфекциялоо зарыл. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду жана мурунду бир жолу колдонулуучу салфетка менен жабуу керек»,- деп билдирди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Джетыбаева.