2 айга чейин жаңы төрөлгөн жана кичинекей ымыркайлардагы кооптуу белгилер:
- Эмчек эмүүсү начарласа;
- Карышуу;
- Уктап калуу же аң-сезимдин жоктугу;
- Онтогон дем алуу;
- Тез дем алуу (мүнөтүнө 60 же андан көп);
- Көкүрөктүн катуу тартылышы;
- Алакан менен тамандын саргайышы;
- Дене табы (38⁰ жогору);
- Дене табынын төмөндөшү (35.5⁰ ден төмөн);
- Кыймылга келтирилгенде гана болгон кыймыл-аракет;
- Борбордук цианоз.
2 айдан 5 жашка чейин балдар арасындагы кооптуу белгилери:
- Ымыркай эмчек эме албайт же иче албайт;
- Карышуу (анамнезде ушул ооруга байланыштуу) жана текшерүү учурунда болсо;
- Ар бир суусундуктан же тамактан кийин кусуу;
- Летаргиялык же аң-сезимсиз болуу.
Эсиңизде болсун, балдарда жана өспүрүмдөрдө COVID-19 диагностикалоодо кооптуулуктун белгилеринин бирөө бар болгон учурда 103 тез жардам кызматын чакыруу керек.