“2020-жылдын март айынан баштап балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыккан 2094 учур катталган”, - деп билдирди Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы дарыгери Айна Джетыбаева.
Статистика боюнча, жалпы катталгандардын ичинен стационарда дарылоодон өткөндөр:
- Бишкек ш - 807
- Ош шаары - 124
- Чүй облусу – 351
- Ош облусу – 342
- Талас облусу - 20
- Нарын облусу - 98
- Ысык-Көл облусу – 145
- Жалал-Абад облусу – 134
- Баткен облусу – 73
Ооругандардын жаш-курагы боюнча:
- 1 жашка чейин – 311 (14,8%);
- 1 жаштан 4 жашка чейин – 624 (29,8%);
- 5 жаштан 15 жашка чейин – 759 (36,2%);
- 16-18 жаштагылар – 400 (19,2%).
Жалпысынан, COVID 19 лаборатордук түрдө – 1082 (51,6%) тастыкталса, 1012 (48,4%) пневмония болгон.
Оордугуна жараша:
- орточо оор абалда - 24,5%;
- оор абалда - 16,5%:
- өтө оор абалда - 1,7%.
37,5% бейтаптарда оорунун күчөп кетиши байкалган. Ал эми каза болгондордон 6 учур (0,4%) катталган.