Президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы Адинай Марипова министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов экөөнүн фамилиясы окшош экенин жана туугандык жайы жок экендигин айтат:
“Мариповдун карындашы болосуңбу?” деген суроолор абдан көп берилип жатат. Мен Алай районунун Корул (Тогуз-Булак) айылынын кызы болом. Бишкекте төрөлүп-өскөм. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Асамидинович Ноокаттан болот. Биздин эч кандай тууганчылыгыбыз жок, жөн гана фамилиябыз окшош”, — дейт Марипова.
Элгезит