Жакында президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Коомчулук акыркы учурда мамлекет башчы кайсы жерде болбосун күндөн калкалоочу көз айнегин чечпей калганына көңүл бурушту. 

 Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Садыр Жапаров көзүнө жакында операция жасаткандыктан көз айнек менен жүрүүгө аргасыз. Ага ылдыйкы сурмасынын энтропиону (энтропион нижних век) деген диагноз коюлган, ошондуктан  хирургиялык кийлигишүү зарылчылыгы пайда болгон.