Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев элди вакцинациядан активдүү өтүүгө чакыруу үчүн бир катар кызыктыруучу сыйлыктар каралып жатканын маалымдады. Анын айтымында, учурда министрлик уюлдук операторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал оң жагынан чечилсе, анда эмдөөдөн өткөн адамга 10 ГБ интернет бекер берилет.
Ошондой эле, министр белгилегендей, вакцинадан өткөндөрдү тамактануучу жайлары да ылдыйлатылган баада тейлөө мүмкүнчүлүгүн карашууда.
"Биз баарыбыз иммунитетке ээ болушубуз керек. Төртүнчү толкун болобу же жокпу баары вакцинациялоонун ыргагына жараша болот. Элдин көбү эмдөөдөн өтсө анда төртүнчү толкун келбеши да мүмкүн", - деди министр.