Печать
Категория: Коом
Просмотров: 270

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата логотипти тандап алуу боюнча жарыяланган сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тандалган логотиптин авторлору маданиятка эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Жаныш Жамурзаев, сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шакир Арыков жана Жеңиш Жанузаковдор болду.

Сынак Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата логотип жасоо максатында өткөрүлгөн жана кесипкөй чыгармачыл топтордун коомдук иштерге активдүүлүгүн арттырууга багытталган. Эреже боюнча долбоорго жалгыз же жамаат менен авторлор катыша алышкан.