“COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификатын” онлайн алуу сервисинин жардамы менен жарандар коопсуз жана онлайн режиминде вакцина алгандыгы тууралуу сертификатты ала алышат.

 Ал үчүн vc.emed.gov.kg расмий сайтынын “Сертификат” бөлүмүнө кирип, төмөнкү маалыматты терүү жетиштүү:

 КР жарандары үчүн: персоналдык идентификациялык номер (ПИН), ID-картанын сериясы жана номери;

 Чет элдик жарандар үчүн: паспорттун номери жана аты-жөнү.
 
Сертификат pdf-форматында, индивидуалдуу белгиленген QR-код менен чыгарылат.

 Электрондук сертификатты алуу үчүн электрондук кол тамга кереги жок.