Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

«Кургак учук менен ооруган адамдарды эмдөөдөн өткөрүү планга ылайык, бейтаптардын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Бирок, бейтаптар активдүү фазадагы дарылоодон өткөңдөн кийин вакцина алышат”, - деп билдирди Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Конушбек Сакмаматов.

Анын айтымында, өткөн жылга караганда кургак учукка чалдыккан жарандар көбөйүүдө. Андыктан, бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Кургак учук менен ооруган бейтаптарды эмдөөгө каршы негизги терс көрүнүштөр:

• 18 жашка чейинки жарандар;
• Аллергиялык патологиянын оор формалары менен жабыркаган бейтаптар (препараттын компоненттерине болгон гиперсезгичтик);
• Курч респитаордук оорулары бар бейтаптар, өнөкөт оорулардын күчөп турган мезгили;
• Залалдуу шишиктердин жаңы пайда болуусу жана кан оорулары.