Төкмө акын Максат Кулуев соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:

"Залкар комузчунун комузун, залкар жигит: "- Залкар ырчы бол! " деп, белекке берди. Жарыктык киши жалын жаш жигитке тартуулаган экен кезинде "эл уулу бол! " - деп.

"Тайганды шаардыктар багып алгандай болбоюн, чоң сахнага алып чыгып ырдап жүр үч жыл ичинде дагы үч мыкты обондуу ыр жаз, болбосо кайра бересиң!" -деп, тамашалап мотивация берип табыштады. Бул дүйнөдө сын- сыпатын бузбай нарктуу жашап өткөн комузчу, жыгач уста, күүсү менен обону төгүлгөн ырчы, КРнын Эл артистти айтылуу Нурак Абдырахманов өзү чаап, белек кылган экен. Аттокуров Элдар мырза үйүнө чакырып, белек кылып кубанты. Эл үчүн эчен жылдан бери жүрөгүн төшөп иштеп келе жаткан, көкүрөгү ырга, күүгө толгон, сөзү сөөлөттүү , иши ирээттүү, бабалардын баалуу жолун көкүрөктөн туюп, калк үчүн канын азык, каруусун казык кылар жигиттердин бири. Бар болуңуз! Үй-бүлөлүк бакыт, оомат каалайм. Баса ... Элдар мырзанын айтуусу боюнча Нурак Абдырахманов бул дүйнөдөн өткөн күнү, илинип турган жеринен комуздун ортоңку кылы үзүлүп кетиптир... Кийин башка кыл тагып коюптур.

Кечээ жакында бир сыйра кылдарын Намазбек Уралиев агамдын уулу Канатбекке алмаштыртып, кайыш тактырып устага каратып алдым".