- Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети биринчи окууда “Үй-бүлөлүк мааракелер, үлпөт той, юбилей жана жаназаларды өткөрүүнү ирээтке келтирүү” боюнча мыйзам долбоорун жана “Бузуулар боюнча кодекске” өзгөртүү киргизүүнү кабыл алды. Ашта-тойдо бодо мал сойгондор 35 миң айып төлөшү керек деген ашыкча эмеспи?
- Кыргыздын жакшы каада-салттары улам бир доор өткөн сайын өзгөрүлүп, кошумчаланып атып элдин жашоосуна оор түйшүк алып келди. Маселе адамдык фактордо, биринен бири ашкан заманга айланды. Той- аш берсе да жакын адамын акыркы сапарга узатып атса да Манастан Чубак кем бекен дегендей эрегишүү. Андан тышкары, качан эле ата-бабаларыбыз бешик, тушоо, сүннөт тойлорду кафе, ресторандан берчү эле, мындай тойлор эң жакын адамдары жана айылдын элинин катышуусу менен ырым кылып бата алуу үчүн үйдөн гана өткөзүлчү. Ал эми тамдын тоюн да кафеден берген көрүнүштү абсурд десем жаңылбайм, өзүңөр ойлосоңор кафеге келген эл тамын көрбөй эле ырдап -бийлеп кетишет. Деги эле эптеп акча жыйнамайдын айласы экени көрүнүп турат. Кыргыздын көпчүлүк тапкан каражаттары, баккан малы жөн эле ысырапка айланганы, балдарыбыз өзүнчө оокатын кылалбай, тамга жеталбай кыйналып жүргөндөрү ушунда. Демек, элди эсине келтирүү үчүн атайын мыйзам керек. Кеп эми салынган штрафтарды көмүскөгө айлантпай, тиешелүү өз алдынча башкаруу органдардын эсебине түшүрүү керек. Аны прокуратура кызматкерлери аткарса Баш мыйзамыбызга ылайык болот эле,себеби мэрияга же айыл өкмөттөргө тапшырса тааныш, тууган деген маселе жаралат да, мыйзам аткарылбай калышы толук ыктымал.