Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

Токтогазиев деген бадыраң пуруш Садыр Жапаров менен Ташиевге сын тагып сүйлөп жаткан сөзүндө, төмөнкүдөй фразаны мисал катары келтириптир: "Бир үй -бүлөдө ата эле башкара берсе, анда атасы өлгөндөн кийин үй-бүлө басар жолун таппай калат" деп.

Кылымдар бою кыргыздын үй- бүлөсүндө ата башкарып, үй бүлө мүчөлөрү атаны: үйдүн кожоюну, бардык маселени чечүүчү лидер, жаман сөздөн, жат көздөрдөн коргоочусу катары кабыл алып келген. Бул кыргыздардын накта жашоо менталитети болуп эсептелет.

Ал эми Токтогазиев айткан шумдук ал батыштын тартипсиз шуркуяларынын жашоо мыйзамы. Ата-эне баланын турмушуна аралашпаш керек, үй -бүлөдө ар ким билген богун жеш керек, атанын сөзү сөз эмес: апасы бир жакка тартып, уул -кызы башка жакка тарткан тарбиясыз жашоо дал ошолорго тиешелүү. Ансыз деле борбор шаардыбыздын айлана чөйрөсү дал ошол шерменде адатты өздөрүнүкү кылып алышкан. Ал эми чыныгы кыргыздын салтын кармап, үрп- адатын сыйлап жашап келген айылдыктарды булар "мырктар" дешет, өздөрүнүн ким экенин билишпей. Ата -энени сенсиреген, бешиктен бели чыкпай жатып эки-экиден өбүшкөн, каалагандай кийинип жылаңач жүрүшкөн шерменделер көбөйүп, кыргыз элинин намысын сындырышты, коңшулардын жанында сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылышты. Токтогазиевдин өзүнүн тарбиясы ошол батышты туурап калган үчүн, каерде эмне деп сүйлөшүн билбей, Текебаев окшогондордун жетегинде адашып жүрөт. Текебаевдин, Атамбаевдин тарбиясын алган Жанар Акаев ушул күндө кыргыз атпайдын кыжырын кайнаткан, журттан чыккан макоого айланды. Токтогазиев да ошол чекке жетип калды.

Эмне себептен башы бинт менен таңылып, ушинтип жатып калган күнүн тез эле эсинен чыгарып койду окшойт. Эгер эле соцтармактагы айтылган сөздөр чын болуп, атамбаевчилер төнкөрүшкө даярданып жаткан болсо, эстерине тутуп коюшсун. Бул сапар Садыр Жапаровду колдоочулары силерди аяп койбойбуз. Биздин да кыжырыбыздын чеги болот.

Шаамырза Бөрүкулов