Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1137

Экс-депутат Надира Нарматова той-аштарга бодо май союуга тыюу салган мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди.

- "Маркумду акыркы сапарга узатуу зыянатында чоң жылкы, бодо  мал сойгонду токтотуу, ашыкча чыгымды азайтуу" жөнүндө мыйзамдын долбоору ЖК депутаты Улукбек Ормонов тарабынан демилгеленгени эң туура болду. Бул - учур талабы. Эл арасындагы эң орчундуу көйгөй. Дагы кеч калды. 10 -15 жыл тартипке салынса, өлүм тойго айлангандай, мынчалык ашыкча чыгымдар көбөймөк эмес. Жакындарын көмүш үчүн карызга батып, кредит алып, жылдап карыз төлөп, эки эсе азап тарткандар толтура. "Эл эмне дейт",-деген кур намыс таш жарып, өлүк көмүү чектен ашты.

Кошуна туугандар айтат экен: "Кыргыздын тоюна барганча, өлүмүнө бар"- деп. Төгүн-чачын дасторкон жасалат. Катар-катар жылкы, бодо мал союлуп, 400, 500, 1000деген адамдарга эт тартылат. Катар-катар кийит кийгизилип,ак кийди деп,баш аяк кымбат баалуу,кийит кылышат. Ата-энеси өлсө, "ак кийди"-деп ,бир туугандарына кийит кылганы аз келгенсип, алтын белек кылдыргандар бар. Тообо кылдым. Мыйзамга өлүм-житимге ашыкча кийим-кечек, сарпай көтөрүп, көңүл айтканга тыюу салганды кошуш керек.
Пайдасы жок, жөн эле колдон колго өтүп, айланып жүргөн, КӨҢҮЛ үчүн көтөрүлүп жүргөн КАЛПАК, ЧАПАН, МАТЕРИАЛ, ЖООЛУК дегенди да токтотуш керек. Андан көрө көзү өткөн маркумдарды түбөлүк сыйлап, соопчулук жөнөтөм десең маркумдардын рухуна арнап, мүмкүнчүлүгүңө жараша соопчулук иштерди жасагыла.

1. Мусулманчылыктын талабы: Куран окуп дуба кыл күнүгө беш убак намазыңда. Тамактанып бүткөнүңдө. Эстегенде Куран окуй бер деген.

2. Маркумдун рухуна арнап соопчулук иш жаса, түбөлүк сооп жетип турсун. Мисалы, жол кур, жол тазала, жок дегенде ташын терип, шагыл төгүп бер. Арык тазала, суу чыгарып, бак тик, дарак эк элге көлөкөсү тийип, мөмөсүн жесин.бер. Бей- бечарага, кароосу жок кары-картаңга, мүмкүнчүлүгу чектелгендерге жардам бер. Шарт түзүп бер. Мечит, көпүрө, жол, ФАП, оорукана, мектеп, бала бакчасын, кичи, чоң ишканалар куруп, жумуш менен камсыз кыл.  Ошол жылкы, бодо малдын, ашыкча чыгымдардын каражатына пайдалуу жумуш жасасаң, эл пайдаланган сайын жакыныңа чексиз сооптор жетип турат буюрса. Мусулманчылыктын талаптары ушундай.