Кыргызстанда "Манастын уулу - Семетей" көркөм тасмасы тартыла баштады. Тасманын сценарийин белгилүү сценарист Өмүрбек Төлөбеков жазган жана учурда тасмага проюдюсерлик кылууда. Ал эми тасманын режиссерлору - Дархан Кожохан жана Эгемберди Бекболиев. Сүрөтчү -коюучу - Садыр Сагымбаев. Аткаруу продюсери - Жолдошбек Жанжигитов. Башкы оператор - Айбек Жангазиев. Креативдүү продюсер - Нурлан Мамакеев. 

Ал эми эпостогу каармандардын образын төмөнкү актерлор ачышууда: 

Бакай Ата - Темирлан Сманбеков. 

Жакып бай - Эшенкул Барпиев. 

Чыйырды - Калича Сейдалиева. 

Каныкей - Альбина Имашова. 

Көбөш - Жылдызбек Касеинов. 

Абыке - Нурлан Саридинов. 

Кыргылчал - Жолдошбек Жанжигитов. 

Сарытаз - Камчы Сарыбаев.