Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

«COVID-19дун женил, орточо оор түрү менен ооругандан кийин симптомдор калышы мүмкүн, алар: баш оору, алсыздануу, уйку качуу, кыжырдануу, маанайдын түшүүсү, ачуулануу, табиттин жоктугу. Андан коркпош керек. Бул симптомдор бара бара жок болот. Эгер аталган симптомдор 2-3 айдын ичинде өтпөсө гана адистерге кайрылыш керек», - деп билдирди Психикалык ден соолуктун республикалык борборунун директорунун орун басары Кубанычбек Эрмегалиев.

Ошондой эле, ал калкка психологиялык жардам динстанциондук түрдө көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Адистерден кеңеш алуу акысыз жүргүзүлөт. Байланыш телефондор Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында бар.