"Тажик тарап "Головнойго" видео камерасын орнотуптур. Макул дейли. Анда "Головнойго" келаткан суунун баш жагында, тагыраагы Ворухтун ичинде жайгашкан водомерге Кыргызстан да видео камера орнотсун. Ворухта жайгашкан водомердин көрсөтмөсүн азайтып коюп жатат деген шектенүү кыргыз тарапта да бар", - деп жазды журналист Ыдырыс Исаков соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Баткендеги "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп алганы белгилүү болгон. Баткен ОИИБи бүгүн маалымат берип, видеокөзөмөл эки элдин чыр -чатагынын алдын алуу максатында орнотулганын билдирген.