Эмдөө алгандан кийин КР жаранынын каза болгон учуру боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде эксперттик комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Бул боюнча саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.
Айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча эмдөөнүн терс көрүнүштөрү такталууда.
"Жаран 19-июль күнү саат 8:30да №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан Спутник-V вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин дагы кошумча маалымат берилет",- деп билдирди КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.
Эске салсак, интернетке каза болгон аялдын кызынын видеокайрылуусу тараган. Анда кыз апасы вакцина алгандан кийин реакция жүрүп кетип каза тапканын айткан.