Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

"Asia-Plus" басылмасы Кыргызстан менен Тажикстан бийлиги мамилени бекемдөө үчүн жаңы келишим түзөөрүн жазып чыкты. 

Анда айтылгандай, тажик өкмөтү тийиштүү кызматтарга жаңы документтерди талкуулап жана кол коюуга тапшырма берген. Ал документтер Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүүгө багытталат. 

Маалыматка караганда, өкмөттөр аралык келишимде стандартизация, метрология, продукцияларга тийиштүү баа берүү жана аккредитациялоо жаатында түзүлгөн. Андан тышкары тараптар пенсиялык камсыздандыруу жана социалдык кепилдик берүү боюнча да келишим долбооруна кол коюуга макулдашышкан.