Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

22-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты. Бул мыйзам долбоорун Башкы прокуратура демилгелеген болчу.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитеттин төрагасы  Канат Керезбеков  баяндама жасап жатып, мыйзам долбоору  тармактык комитеттин отурумунда каралып,  экинчи жана үчүнчү окуудан жактырылганын белгиледи.

”Бир катар  сунуштар жана сын-пикирлер, анын ичинде депутат  Дастан Бекешовдон түшкөн сунуштар  Комитеттин отурумунда кабыл алынды”,- деп билдирди   К.Керезбеков.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар  прокуратура органдарынын  кызматкерлери үчүн  социалдык пакеттер, прокуратура түзүмүндө  коррупцияны жок кылуу үчүн  айлык акыларды жогорулатуу  боюнча жана көзөмөлдөөчү органдын  ишмердүүлүгүнө тиешелүү  башка суроолорду беришти.