Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

- Уруш, жаңжал, түшүнбөстүк бири бирибизге сөз менен эмоциябызды жеткире албаганыбыздан улам чыгат экен. Башканы түшүнмөк түгүл өзүңдү түшүнбөйсүң көп учурда. Кээде жан дүйнөңдө өзүнөн өзү кыжырдануу, нервденүү, коркуу сезимдери пайда болот. Мындай учурда отуруп алып ойлоном. “Эмнеге антип атам? “ деп кадимкидей сезимдердин учугун кубалап отуруп, аныгы себебин таап чыгам. Элестет өзүңдү түшүнүү үчүн ушунча убакыт кетип атса, башка адам башка адамды түшүнүүсү андан бетер кыйын. Эң чоң сыр: Сезимдерди тилге келтиргенди, жүрөгүңдөгүнү сөз менен сүрөттөгөндү үйрөнүү керек экен. Мисалы , эне - бала мамилесинде балдарыбызды “Муну кылба! Баспа ! Чыкпа!” деп эле буйрутма этиш колдоно беребиз. Бул баланы кыжырдантат! Психологияда “не делай” дей турган болсоң, “не” түшүп калат да “делайы” калып калат. Эмнеге экенин түшүндүрүп коюу алда канча пайдалуу, эффективдүү. Мисалы, “Кызга 40 үйдөн тыюу, баспа, турба, уят болот!!!” дегендин ордуна кызын отургузуп алып, аңкылдабай эле жай тон менен, аялдардын организминин түзүлүшүн, эркектердин түзүлүшүн, алардын психологиясын, бойго бүтүү , аборт кылдыруу кандай болот, кайсы ооруну жугузуп алса, кандай жапа чегет, даарылоо канча болот, коргонуу деген эмне, эрте эле эркек - аял ымаланы баштап алса, организмге кандай таасир берет, физикалык, психологиялык жетилүү, руханий жетилүү деген эмне, канткенде кандай болот, жоопкерчилик, окугандагы келечек, эрге эрте тийгенден кийин келечек, карьера жасоо, үй кожойке болуу тууралуу баардык маалыматты алдына жайса, кызы анализдеп, туура тандоо жасап алат. Түшүндүрбөй эле камай берүү, тыя берүү жыйынтык бербейт. Эрди - катын мамилесинде деле “Бүгүн көңүлүңдү каалап атам. Эркелетсең, мага жагымдуу”, “Мага ушундай белек алып берсең? “, “Жиним келип атат. Анткени ушундай мамиле жасап койдуң. Таарынып калдым. Жиним тарагыча убакыт бер” десе алда канча оңой болмок. Мырзалар дагы ичиндегисин айтып, сүрөттөп турса, аялы түшүнүп мамиле кылат. Бизде”Өзү түшүнүп алат” дей беребиз. Илгери көкүрөк ачык кезде көз караштан түшүнүшчү. Азыр кайдан?!