Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө коюлган түндүк тууралуу пикирин билдирди. Эске салсак, улуу жазуучунун күмбөзүнө коюлган түндүк жакында жоголгону белгилүү болгондо, Маданият министрлиги аны атайын оңдоодон өткөргөнү алышканын жана жакын арада түндүктү жерге эмес, бийик көтөрүп орното турганын билдирген. 

- Байыртадан кыргыз эли боз үйүн курууда адегенде өтө ыңгайлуу жерди (жайды) тандаган.Үйдүн эшигин кайсы жакты каратыш керек, шамал кайдан согот, тоонун, күндүн, айдын нуру кайсыл жагынан тийгени оң. Жер тандалып, жай камдалган соң эр жигиттер бакан менен адегенде түндүктү көтөрүшөт. Анан тегерете укуктарды сая башташат. Түндүк көтөрүлүп, уук сайылып, боз үйдүн каркасы мыктылап орнотулган соң гана ички, тышкы керектүүсүн мыктап байлай башташат. Баары бүткөн соң ички жана сырткы жасалгалары башталат.

Түндүк - үй курууда башкы ролду аткарат. Түндүк көтөрүлбөй, укуктар сайылбайт эмеспи. Боз үй кылымдар катмарынан, кыргызымдын акылман туйгусунан жаралган керемет буюм. Түндүк - бул үйдүн, жашоо тиричиликтин ажайып символу. Маселен, "Жаңы үй- бүлө түндүк көтөрүп жашоо баштаптыр", "Коңшулардын үйүнүн түндүгү бийик экен",  "Түндүгүнөн түтүн булап турсун", "Ага, бул кимдин түндүгү, кимдикинде отурганыңызды биле жүрүңүз". Бул жашоодогу дайыма жакшылыкта колдонулган көндүм сөздөр.

Ал эми жаманчылыкта айтылчу сөздөр: "Тигилердин түндүгү биротоло түштү",  "Түндүгүнө түн түштү", "Түндүгүн түшүрө чаап, кызыл уук кылып кетиптир!",  "Түндүгүң түшкө жетпей кыйрасын"...  деп каргыш айтышкан. 

Ал эми улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндөгү түндүктүн жерде жатып калганына улгайгандар, ошол кезде эле туура эмес көрүшүп, наалыгандары эсимде. Түндүктүн жерге түшүшү, чындыгын  жаман жөрөлгө. Ал эми ошол кездеги архитекторлордун туура эмес жасаганына эч ким көңүл бурбаса керек. Кеч болсо да түндүктүн көтөрүлгөнү жакшы. Албетте, күмбөздүн жалпы структурасына жараштырып, келиштирип көтөрсө туура эле болот.