COVID-19га каршы эмдөөдөн кийинки терс көрүнүштөргө (ЭКТК) байкоо жүргүзүү иштери уланууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, вакцина алган жарандар өзүн жакшы сезишүүдө. Бардык ЭКТК 1-2 сутка ичинде жок болуп, олуттуу маселе жаратышкан жок.
Синофарм, Кытай тарабынан чыгарылган Vero cell вакцинасынын ЭКТКү:
Эмдөөдөн өткөндөр: 297 000
Эң көп кездешкен белгилер:
- алсыздык;
- баш оору;
- ийне сайылган жерде оору;
- чыйрыгуу;
- дене табы 39⁰ төмөн.
Гам-Ковид-Вак (Спутник V) вакцинасынын ЭКТКү:
- Эмдөөдөн өткөндөр: 90 756
Эң көп кездешкен белгилер:
- ийне сайылган жерде оору;
- алсыздык;
- дене табы 39⁰ төмөн.
Вакцинанын эки түрүнөн кийин жүрөк айлануу, кан басымдын көтөрүлүшү, коркуу, булчуңдардагы оору, мурдунан суу агуу, жөтөлүү, ангина ж.б. байкалат.