Экс-депутат Надира Нарматова акыркы күндөрү Кыргызстандын ар кайсы аймактарында болуп жаткан табигый кырсык - сел тууралуу пикирин мындайча билдирди:

- Кечке бийлик талашып, какшана бербей,пейилди оңдоп, ниетти түздөгүлө. Болгонуна шүгүр кылып, тооба келтиргиле! Биротоло кулжуңдап, бири бириңден жамандык издеп жатып калдыңар. Караөзгөйлүк күчөп, жамандыктын жарчысы болгондон уялбайсыңарбы!
Мен жакшы, сен жаман дегенди токтоткула! Табыйгаттын тилсиз сыноосу жөндөн жөн эмес. Түрдүү сыноолорду жөнөтүп, эскертип жатканынан жыйынтык чыгаргыла.

Жаманды да "жакшы" деп, колдосоң, уялганынан жакшылыкка умтулат. Жылан да жакшы ниет менен мамиле кылып, ак сепсең, ийинден чыгып, жамандыка барбайт. Биз адам деген атыбыз бар. Жыланчалык бир бирибизге акыбетибиз жокпу? Жамандыкты жайылтып, жакшылыкты унутуп, ачыкта жүргөнүнүн да, түрмөдө олтургандын да үнү өчпөйт.

Акыркы мезгилдеги тилсиз жоодон, бөөдө кырсыктан канчалаган өмүрлөр кыйылууда. Пандемия жолдо калды. Тили менен басып калган ниети, пейили бузуктарга мыйзамдуу тыюу салгыла. Ниеттери өздөрүнө көрүнбөй, күнөөсүз адамдарга тийип жатат. Тыюу салып, темирдей тартип орноткон жан барбы? Кудайдан коркуп, жаман ойлордон арылууну каалаган адам барбы.  Бардык нерсе ниетке жараша болоорун унутпагыла!