Актриса Назира Мамбетова "Ата Бейит" мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө коюлган түндүктүн башка жактан табылышы боюнча пикирин билдирди:
- Түндүктүн жерде болушу кыргыз улутунун жашоо образына, түшүнүгүнө карама-каршы келет. Түшкөн түндүк жамандыктын белгиси. Ошондуктан, адам баласынын түндүгү көтөрүлүп, төбөдө бийик турушу керек. Анткени, түндүк адамдын тирүүлүгүнөн жана жашоо уланып жатканынан кабар берет. Ошон үчүн кыргыздар түндүгүңдөн тирүүлүктүн түтүнү үзүлбөсүн дешет. Залкар жазуучу, кара сөздүн чебери Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүндө жерге коюлган түндүктү көтөрүү, күмбөздү оңдоп-түзөөнү жакшы жөрөлгө десек болот.
Буюрса, түндүк көтөрүлсө, кыргыз элинин зоболосу көтөрүлөт.
Туура, Айтматов биздин түндүгүбүз эле. Ал каза болгондо түндүгүбүз түштү. Бирок, анын чыгармалары тирүү да. Дүйнө жүзүндө түрдүү тилде жашап жатат. Ошондуктан, күмбөзүндө түндүктү көтөрүп койгонубуз туура эле болот.
Ошондуктан, бул жакшы демилгеден кыйкым издеп жаткандар жакшы ишке салым кошо албасак да, зыяныбызды тийгизбейличи. Коомчулукту дүрбөтүп, бузукулук кылгандан алыс болуп, түндүктү көтөрүп, күмбөздү оңдоп-түзө иштерине тоскоолдук жаратпайлычы.
Кагылайын эл -журтум, ар кайсыны сүйлөп, майдалана бербей токтоолук, ток пейилдик кылалычы. Ниетибизди оңоп, жакшылыктан үмүт кылалы. Түшүп калган түндүктү, жабыла көтөрөлү.