- Шергазы Асанбаевич кандай адам эле? Эл үчүн түйшөлгөн кайсыл иштери  эсиңизде калды?

- Жаңы бийлик келип, Садыр Жапаров, Ташиев баштаган  "Кумтөрдү" денонсацияга бергенине бүтүндөй кыргыз элинде  "Кумтөр" мамлекетке кайтарылат  экен" деген ишеним пайда болгон эле. Өкүнгөнүм,  ошол кубанычтуу күндү  аягына чейин көрбөй, "Кумтөр" үчүн кезинде катуу кармашып, бийликке каршы чыккан  Мамбетов Шергазы Асанбаевич дүйнө салганы өтө оор жоготуу болуп калды. Тагыраагы, кыргыз эли ото оор жоготууга дуушар болду. 1993-жылы биз биргелешип, Жогорку Кеңешке сунуш кылып алтын комиссиясын түзүп, башка мүчөлөр менен чогуу изилдеп, ошо кездеги президент Аскар  Акаевдин ким экенин, кыргыздын 2 тонна алтынын Бирштейн менен уурдап кеткенине далилдеп, "Кумтөрдү" бергенге каршы чыкканбыз. Ошонун кесепетинен Акаев Жогорку Кеңешти таркатканга барып, "жульнический"  проектин сактап калыш үчүн кыргыз элинин кызыкчылыгын сатып жатканын билип, Мамбетов аягына чейин турган. Ал эң таза инсан экенин көргөзүп келген мыкты адам, тоо-кен өнөр жайын жакшы билген окумуштуу, билимин аябай ушу убакта чейин сабак берип, иштеп келген мыкты адис эле. Кыргыз дегенде жанын аябай күйгөн патриот адамдан ажырадык.

Кош бол, урматтуу Шергазы Асанбаевич, жаткан жериңиз жайлуу болсун, топурагыңыз торко болсун.