Печать
Категория: Коом
Просмотров: 218

"Англиядан бир маалымат менен бөлүшөйүн дедим. Бул ковид илдетине вакцинанын пайдасы жана эффективдүүлүгү боюнча. Мына конкреттүү факт жана темирдей далил.

Возможно, это изображение (текст «Cases UK COVID-19 CASES AND DEATHS PER DAY 75K TOTAL CASES: 5,386,340 TOTAL DEATHS: 128,683 Deaths 50K 2,000 54,674 25K 1,500 41 1000 500 MAR APR MAY JUN JUL AUG SEP OCT NOV DEC JAN FEB MAR APR MAY JUN 2020 2021 0»)

Бул графикте кызыл менен Улуу Британиядагы коронавирустан өлгөндөрдүн саны көрсөтүлсө, сары менен болсо ковид канча кишиге жукканы көрсөтүлүп турат. Эми байкаңыздар, былтыр апрель, май айларында күнүнө миңден киши өлүп атса же болбосо быйыл кышында 1500 киши жугузуп күнүгө өмүрү менен коштошуп атса, азыркы күндөрү элдин көбү вакцинациядан өткөндө өлүм саны канча азайганын. Мисалы, ишемби күнү 17-июльда 41 эле киши каза болуптур. Демек, вакцинация жок эле дегенде 35 жолу азайтыптырда өлүм көрсөткүчүн!!!

Мына эмесе, илимдин жана медицинанын жетишкендиги.

Ооба, коронанын "дельта" варианты өтө күчтүү экен. Бул жакта дагы вакцина сайдырткандардын бир канчасы баары бир жуктуруп алып атышат. Бирок, муруңку менен салыштырмалуу оору катуу болбой, көбү госпитализацияга муктаж болушкан жок. Бул факт мен жогоруда айткан өлүм көрсөткүчүнөн эле даана көрүнүп турбайбы!

Баса, дагы бир бул жакта коомчулукта катуу талкуланып аткан бир жагдай. Вакцина келе электе коронанын "узун" формасына пандемияда чалдыккандар абдан көп аныкталып атат азыр. Булар тирүү калса дагы, күнүгө башы ооруп, шайы ооп, кадимки эле инвалид болуп калгандар экен. Абдан көп жаштардын арасында, эмнегедир. Бул илдеттин "узун" формасына чалдыккандар кадимкидей вакцина сайдыртканда өзүнө келип, "хроникалык ковидден" кутулуп атышканын англиялык журналдар жазып атышат.

Ошондуктан, туугандар, баарыбыз вакцина алалы. Сактанганды сактайт!

Ден соолукта бололу", - деп жазды Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов соцтармактагы баракчасына.