Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушат. Анда эл өкүлдөрү менен социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер тууралуу пикир алмашат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуу бүгүн, 21-июлда "Ала-Арча-1" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Ага бардык депутаттар чакырылган.