Кант диабети бар бейтаптарга эмдөөдөн өткөндөн кийин кандай терс белгилерге көңүл буруу керек тууралуу Эндокринологиялык борборунун директору Наталья Добрынина айтып берди.
- Кеңири тараган терс белгилер болуп төмөнкүлөр эсептелет: инъекция жасалган жердин оорушу, шишиги жана кызарышы;
жалпы абал - чыйрыгуу, чарчоо жана баш оору. Көп учурда аталган терс белгилер абалдын начарлашына алып келбейт.
Эмдөө алгандан кийин гликемияны өз алдынча көзөмөлдөө сунушталат жана керек болгон учурда колдонулуп жаткан инсулиндин дозасын коррекциялоо керек.
Белгилей кетсек, эмдөөдөн кийин деле коронавирус инфекциясы менен ооруган сыяктуу, кайрадан вирусту жуктуруп алуу мүмкүн жана ошондой эле кант диабети бар бейтаптар коомдук жайларда бардык тийиштүү нормаларды сактоо жоопкерчилигин билүүсү керек.