Кан диабети менен ооруган адамдарга эмдөөнүн жалпы каршы көрсөтмөлөрү тууралуу коронавирус менен күрөшүү Республикалык штабдан билдиришти. Ага ылайык:

- вакцина жана ушул сыяктуу компоненттерди камтыган вакцинанын же вакцинанын ар кандай компонентине жогорку сезимталдык;
оор аллергиялык реакциялар;

- эмдөөдөн кийинки оорунун күчөп кетиши (анафилактикалык шок, катуу жалпыланган аллергиялык реакциялар, тырышуу синдрому, дене табынын 40° болушу ж.б.) вакцинанын биринчи компонентине каршы көрсөтмөлөр вакцинанын экинчи компонентине каршы көрсөткүч болуп саналат;

- курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар, өнөкөт оорулардын күчөшү (бул учурларда эмдөө, калыбына келгенден же ремиссиядан 2-4 жумадан кийин жүргүзүлөт; жеңил КРВИ , ичеги-карын оорулары, курч инфекциялык оорулары үчүн эмдөө температура өткөндөн кийин жүргүзүлөт, дене табы кадимки абалга келгенде);

- кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;

- 18 жашка чейин (натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө маалыматтын жоктугуна байланыштуу).

Кан диабети менен ооруган адамдарды эмдөөгө кошумча каршы көрсөтмөлөр:

- кан диабетинин күчөп кетиши;

- декомпенсация учурундагы этияттык;

- COVID-19 менен жакын арада ооруп, айыккандар.