Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебрейесус коронавирустун азыркылардан да бир топ коркунучтуу штаммы пайда болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул тууралуу ал Токиодо Эл аралык олимпиадалык комитеттин 138-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
"Учурда чоң жоготууларды жаратып жаткан дельта-варианттан да коркунучтуу варианттардын пайда болушу ыктымал. Канчалык вариант көп болгон сайын алардын бири вакцинаны тоготпой коюп, кайрадан баары башталышы мүмкүн деген коркунуч да чоң", - деген ал.
Ошондой эле, ал пандемия дүйнөгө келген сыноо экенин белгилеген.
"Менден качан пандемия бүтөт деп көп сурашат. Чындыгында, ковид жана пандемия биздин алдыбызга көп суроолорду койду. Пандемия - бул дүйнө жеңе албай жаткан сыноо. Токиодогу Олимпиаданын аякташына, 8-августка карата дүйнөдө коронавирустан 100 миңден ашуун адам каза болот деген маалыматтар да бар", - деген ал.