Жалал-Абаддын Сузак районунда кечээ, 20-июлда кечке жуук сел башталган. Анын кесепетин жоюунун үстүндө ӨКМ иштеп жатканы маалымдалды. 

Жергиликтүүлөр тарабынан интернетке тилсиз жоонун видеосу чыгарылууда. Алардын бири - төмөнкү Серний айылындагы селди чагылдырган көрүнүш. 

Сел бир топ турак-жайлардын короосун каптаган жана Сузак-Кара-Дарыяя унаа жолун жууп кеткен.